Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун дуңган таануу жана кытаистика борбору КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ушул жылдын 30-31-майында Кыргыз Эл акыны Ясыр Шивазанын 110 жылдыгына арналган дуңган таануучулардын V Эл аралык форумун өткөрөт.
Эки күндүк форумдун алкагында дуңган таануучу окумуштуулардын катышуусунда тегерек стол жана дискуссия өтөт. Андан соң форумдун катышуучулары дуңган улутундагылар жашаган айылдарга барып, калк менен жолугушуу өткөрөт. Тегерек столдо Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнөдөгү дуңган тилинин жана дуңган таануунун проблемалары жана келечеги, бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелери талкууланат.
Маданий программанын алкагында Улуттук музейде Ясыр Шивазанын чыгармачылыгына арналган көргөзмө уюштурулуп, форумдун катышуучулары акындын мекени Александровка айылындагы музейине барышат. Ал эми Александровка айылынын жашоочулары улуттук колориттеги концерт даярдашып, дуңган улуттук даамдары тартуулайт.
Кытай жана дуңган таануучулардан турган элүүдөн ашык катышуучулар дүйнөнүн ар кайсы бурчунан – АКШ, Россия, Кытай, Казакстан Өзбекстан жана Кыргызстандан келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ