Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапар алкагында ал Араван, Ноокат, Алай жана Чон-Алай райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты. Ошондой эле Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан “Эркештам”, “Карамык” чек ара заставасынын жана көзөмөл-өткөрмө пунктуларынын иши менен таанышып, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту. Андан ары Кыргызстандын алыскы “Алтын-мазар” чек ара бекетинде болуп, андагы кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын абалынан кабар алды.
Жумушчу сапарынын жыйынтыгында вице-премьер-министр өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык абалына көңүл буруп, инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ