Москвада Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулованын үстүнөн сот башталды. Ал 29-февралда өзү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кыздын башын кесип, аны колуна көтөрүп алып жүргөн жеринен кармалган.
Сотто Бобокулованын котормочусу Фарида Ханифова айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып жатканын билдирди. “Ал күнөөсүн мойнуна ала турганын айтты”, — деди котормочу.
Бобокуловага жаш баланы өлтүрүү, өрттөө жолу менен башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү жана жардыруу тууралуу жалган маалымат берүү айыбы тагылган.
Сот анын камактагы мөөнөтүн 4-апрелге чейин узартты. Буга чейин Тергөө комитетинен психиатриялык экспертиза анын психикалык жактан оорулуу экенин аныктап, ага «медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын» көрүү сунушталганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ