Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо бильярддын “Динамикалык пирамида” түрүнөн өлкө чемпионаты өттү. Мелдешке Кыргызстандын мыкты 16 таш аткычтары катышып, сегиздик финалдан күч сынашууну башташты. Бир нерсени байкадым, акыркы кезде таш аткычтар арасында жаштардын чеберчилиги кыйла өсүп калыптыр. Биринен бири өтөт. Эки күнкү мелдеште Ызатбек Раатбеков алдынан чыккан таш аткычтардын баарын утту. Арсен Каленбаев аттуу жаш спортчуну финалда 6:2 эсебинде жеңип алып, өлкө чемпиону наамына татыды.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ