2012-жылы Азиз Турсунбаев жумушсуз калганда Чүйдөн 30 гектардай жер алып, ал жакка алма бактын көчөттөрүн отургузуп, багбанчылыктан багын сынаптыр. Мына бүгүнкү күндө ак эмгеги жерде калбай, алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, айтор, жер-жемиштин баардык түрлөрү түшүмүн берип баштаган кез. Мунун өзү элибизге гана пайда эмеспи. Какырап бош калган жерлерди гүлдөтүп, дал ушундай ишкерлик менен алектенгендер көбөйсө кана? Азиз Атакозуевичтин мындай үлгүлүү иши өрнөк болууда. Мамлекетибизге пайда апкелген дал ушундай азаматтар көбөйсө, Кыргызстан бат эле кризистен чыгып, айыл чарба продукциясын иштетүүдө алдыга кетет элек.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ