Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум тынч жана ачык өтүп, жарандарга тоскоолдуктарсыз өз эркин билдирүү мүмкүндүгү берилди. Бул тууралуу КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Слобода билдирди.
Миссиянын курамында КМШ мамлекеттеринен келген 66 байкоочу болуп, өлкөдө алар ушул жылдын 30-ноябрынан бери иш жүргүзгөн.
«Бардык шайлоо тилкелери автоматтык жабдуулар менен жабдылып, аларда адискөй операторлор иштешти. Ал жабдуулардын пайдаланылгандыгына байланыштуу добуш берүү жараяны тынч жана ачык өттү», – деди ал.
Ал добуш берүүнүн жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алып, андан улам шайлоо тилкелеринде адамдар топтолуп калган учурлар болгонун билдирди.
11-декабрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо да өткөн. Алдынала маалыматтарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешине беш партия өттү: КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан».
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ