Алматыда Адам укуктары боюна бюронун басма сөз борборунда жер маселеси боюнча соттолгон жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аянга “Эл баатыры” деген сыйлык сыртынан тапшырылды. Ага Бокаев менен Аяндын туугандары, укук коргоочулар жана жарандык активисттер катышты.
Талгат Аяндын апасы Улдай Айназарова сыйлык тапшыруу аземине келип, башкы прокуратураны баласын бошотууга үндөдү. Ал уулунун ак жеринен айыпталып жатканын айтты.
“Жакында эле соттун уулуна карата чыгарган чечимине макул болбогон эне өзүн-өзү өрттөп каза тапты. Ал акыйкаттуулукка жетүү үчүн ушундай кадамга барды. Мен дагы эми өзүмдү өрттөшүм керекпи?”— деди Улдай Айназарова. Ал башкы прокурорду уулун бошотууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Макс Бокаев жана Талгат Аян апрелде Атырауда өткөн жер реформаларына каршы массалык митингдерден кийин кармалган. Алар мыйзамсыз митинг уюштуруу, эл арасында кастыкты козутуу жана жалган маалымат таркатууга күнөөлөнүп, беш жылга соттолушкан. Активисттер айыптоолорду четке кагып, саясий негизде куугунтукка алынып жатышканын айтышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ