Учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президент болом деген кыялга жетеленип, жеңил пиар менен алек болуп калды. Олуттуу социалдык, экономикалык маселелерди чечүүнүн ордуна мектеп, бала бакча, ашкана, көпүрө ачылса, болгон ишин токтотуп коюп лента кескени чуркап, ошол ишине куштар болуп, иштеп жатам деген түр көрсөтүүдө. Маселен, мектептин ачылышын билим берүү министри эле жасай турган иш да. Жок, баарын жоон топ кылып ээрчитип алып өзү барат. Төрт орун басарын кабинеттерине отургузуп коюп бир мекеменин лентасын кескенди кызганып, салпактап өзү чуркап жүрөт. Бул деген премьер-министрдин деңгээли эмес да, түшүнгөн кишиге. Буга чейинки өкмөт башчы Темир Сариев да президент болом деген “оору” менен ооруп, күнөскананын лентасын кескенине ыраазы болуп, пиар менен алек болуп калган. Дал ошол кетмендин сабын Сооронбай мырза басууда. Лента кесүү менен болгон көйгөй чечилип жыргап кетсек, эмгиче гүлдөйт элек го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ