КСДП фракциясынан дагы бир депутат мандатын тапшырды. Искендер Кадыралиев деген. Мурда “Түндүк электро” ААКсынын генералдык директорунун милдетин аткарып, экономика жана инвесторлорду тартуу тармагын сүйрөчү. Азыр ал кайра ошол жагына, ошол эле кызматына кетти. Анын ордуна андан кийинки 48-орунда турган Жалал-Абад облкеңешинин депутаты болгон Айнура Осмонова келип Жогорку Кеңеште ант берди. Ошентип, КСДПдан дагы бир депутат дагы бир кызматка кетип же “өз каалоосу менен” кимдир бирөөсү мандатын тапшырса эле, “көрүнгөн тоонун алысы жок” дегендей кийинки кезекте турган Канатбек Керезбековдон кийин Икрамжан Иляминовго жол ачылып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп чыга келет. Ооба.ошондой…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ