Баткен облусунда кара алтындын баасы кескин түрдө төмөндөдү. Ошондуктан, тогуз көмүр шахтасы кен казуусун токтотту. Бул туурасында Сүлүктү шаарынын вице- мэри Баабек Ташев кабарлады.
-Сүлүктү шаарында жалпысынан 31 шахта иштечү. Мунун ичинен 4 компания былтыр эле ишин баштаган. “Ж.Айтматова”, “Г.Осмонова”, “Ахмат- Кен”, “Белес-1” ишканалары былтыркы март-апрелден тарта эле көмүр каза башташты. Натыйжада бул ишканалар 96 кишини дагы жумуш менен камсыздашкан, – деп кошумчалады Сүлүктү шаарынын вице-мэри Баабек Ташев.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ