Сириянын өкмөттүк аскерлери өнөктөштөрүнүн жардамы менен бирге “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларынан Пальмирадагы тарыхый чепти кайтарып алды. Бул тууралуу Reuters “Хезболла” тобунун басылмасын шилтеме берип билдирди.
Аскерлер мындан тышкары шаардын түштүк-батыш тарабындагы ордо комплексин да көзөмөлгө алды.
Сириянын өкмөттүк армиясы 27-февралда Пальмиранын түштүк-чыгышындагы стратегиялык маанилүү бийиктикти ээлеген. “Ислам мамлекети” көзөмөлдөгөн шаарга армия февралдын башынан тарта чабуул жасап баштаган.
Экстремисттик күчтөр алгач 2015-жылы майда Пальмираны басып алган. Жоочулар тарыхый эстеликтерди талкалап, шаардын эң улуу археологу Халед аль-Асаадды өлтүрүшкөн.
Былтыр, 2016-жылы сириялык армия менен орусиялык авиациянын бирдиктүү операциясынын негизинде Пальмира Асад режиминин көзөмөлүнө өткөн. Бирок декабрда жихадчылар калааны кайра ээлеп алышкан.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ