Тажикстанда Салык комитетинин кызматкерлери Худжанддагы ондогон редакциялардын жана аймактык бөлүмдөрүн эшигин жаап, мөөр басып кетишти. Алар муну басылмалар кызматкерлердин айлыктарынан киреше салыгын төлөбөгөнү менен түшүндүрүштү.
Салыкчылар Худжанддагы республикалык гезиттердин жеке кабарчылары салыкты шаарга эмес, жашаган жери боюнча төлөшү керектигин эскертишти.
Тажикстандагы Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын улуттук ассоциациясынын өкүлү Мавлуда Рофиева жана “Азия-Плюс” гезитинин Худжанддагы өз кабарчысынын айтымында, Дүйшөмбүгө чалып, абалды түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. “Салыкчылар дароо светти өчүрүп, эшиктерге мөөр басып кетишти”, –деди ал.
Шаардагы баслмалардын Худжанддагы бөлүмдөрүнүн эшиктери эми маселе чечилгичекти ачылбайт.
Улуттук ассоциация салыкчылардын аракетине байланыштуу атайын билдирүү даярдоодо.
Тажикстан быйыл эл аралык басма сөз эркиндигинин рейтингинде 34 позицияга төмөндөп, 150-орунга жайгаштырылды.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ