Menu

Немис эксперти: Рахат Алиевди муунтуп өлтүрүшкөн

Бөлүшүү:

Германиялык эксперт Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев кимдир бирөө тарабынан өлтүрүлгөнүн билдирүүдө. Анын жансыз денеси өткөн жылы Австрия түрмөсүндө табылган болчу.

Асынып жана тумчуктурулуп өлтүрүлгөн учурларды иликтөө менен алектенген германиялык профессор Бернд Бринкманн Алиевдин асынып өлгөндүгү тууралуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусу туура эмес болгонун билдирди. Бринкманн менен бирге Венадагы басма сөз жыйынына катышкан Рахат Алиевдин жубайы Эльнара Шоразованын жактоочулары Алиевдин өлүмү боюнча тергөө иштерин кайрадан жандандырууга аракет кыла тургандыктарын билдиришти.

Казак бийлиги Назарбаевди катуу сындап баштаган Рахат Алиевди 2007-жылы эки казак банкирин уурдап, аларды өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыптаган. Казакстандын Австриядагы элчиси жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары болуп турган Алиев айыптоолор саясий негизде тагылып жатканын билдирип, аларды четке каккан.

Казакстандагы адам укуктарынын абалынан улам Алиевди Астанага өткөрүп берүүдөн эки жолу баш тарткан Австрия бийлиги 2011-жылы өз иликтөөсүн баштаган. Прокуратура ага 2014-жылдын декабрында айып таккан.

Бринкманн өлүктү союунун жыйыныктары жана Алиевдин денеси тартылган сүрөттөр менен таанышкандан кийин аны муунтуп өлтүрүшкөн деген жыйынтыкка келгенин билдирди. Анын айтымында, кол салгандар Алиевдин денесинде аз так калтырууга аракет жасашкан.

Алиев Дарига Назарбаева менен ажырашкандан кийин Эльнара Шоразовага үйлөнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: