“Азаттык” радиосунун Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаров кызматынан убактылуу чететилди. Бул тууралу бизге ишенимдүү булактар кабарлады.
Дүйнөлүк стандарттарга жараша кайсы бир жетекчинин ишине доомат артылса ал жетекчи ал дооматтар иликтенип бүтмөйүнчө убактылуу кызматынан четтетилип турат.
Белгилүү болгондой, КР Генералдык прокуратурасы 6-мартта “Азаттык” радиосу Президент Алмаз Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирди деп 10 миллион сомго доо артып, сотко берген. Ал эми Атамбаев өзү 15-мартта чет элдик элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алуу учурунда “Азаттык” радиосун сынга алып, анын ишине доомат арткан.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча азыр “Азаттыктын” Бишкектеги бөлүмүн жетектөө милдети убактылуу Бүбүкан Досалиевага жүктөлгөн.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ