2010-жылдагы Апрель ыңкылабына жети жыл толду. Буга байланыштуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, башка өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, жараат алгандар жана башка катышуучулар менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскеришти. Курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.
Андан кийин “Ала-Тоо” аянтындагы Апрель элдик революциясынын эстелигине гүлчамбар коюлду. Түштөн кийин Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында майрамдык иш-чара өтүп, театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда майрамдык концерт болуп, кечки салют менен аяктайт.
Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленүүдө.
Буга чейин 7-апрель “мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес” деп жарыяланган.
2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ