Кыргыз табиятка абдан жакын эл. Кезинде Акаев да Манастын жети осуятын ойлоп чыгарып, табият менен таттуу мамидеде болуу керектигин айтчу эле. Ушундан катуу таасирденгенби, айтор аба ырайын, мезгил кабагын алдын- ала туя билүүчүлөр арабыздан чыккан. Атактуусу баягы Арстанбек Абдылдаев деген эргул эмеспи. «Зима не будет» деп айта коюп жамы журтка таанымал болгон. Элден уялдыбы, же «антеннасына» ушундай кабар түштүбү,
айтор фамилиясын да өзгөртүп жиберген Арстан Алай кылып. Ошол киши эмнегедир үндөбөй туру. Дегеним, жаз уже эки айдан бери кечигип атат. Антеннасын сууруп чыгып быйылкы аба ырайын да айтып койсо жакшы болот эле, «Быйыл жаз болбойт» деп. Анткени алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Балким ошондо эл жок дегенде аба ырайын билип туралы деп бул эргулду колдоор беле?! Баса, жаз кана, Арстанбек Алай?..
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ