Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеӊештин жана Казакстан Парламентинин Сенатынын парламенттеринин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин мүчөлөрү Казакстандын Кордой айылында жолугушуп, эки өлкө ортосундагы маселелер жаатында пикир алышууда. Бул туурасында КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.
Эл өкүлдөрү адегенде чек ара аймактарындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иши менен таанышып, эки өлкө артосунда катташкан жарадар үчүн өткөрүү жолжоболорун жөнөкөйлөтүү, жүргүнчүлөрдү тейлөө шарттарын жакшыртуу чечимине келишти.
Белгилей кетек, парламентчилердин жолугушуусуна кыргыз тараптан депутаттар Аскарбек Шадиев (тармактык комитеттин төрагасы), Каныбек Иманалиев, Абдывахап Нурбаев, Алмазбек Баатырбеков, Динара Исаева, Анвар Артыков, Бахадыр Сулейманов катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ