Ооганстанда талиптер Балх провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн аскер базасына кандуу чабуул жасагандан кийин, өлкөнүн коргоо министри, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы жана бир нече жогорку кызматтагы офицерлер отставкага кетишти.
Ооганстан президенти Ашраф Гани коргоо министри, генарал Абдулло Хабибини, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Кадамшох Шахимди жана Балхтагы 2009 аскер базасынын жогорку кызматтагы үч офицерин иштен алды. Аскердик прокуратура талиптердин чабуулун иликтөө учурунда бул офицерлерди суракка алат.
21-апрелде талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф аймагындагы өкмөттүк аскер базага кол салган. Натыйжада 140тан кем эмес аскер кызматкери мерт кеткен. Ооганстандагы расмий булактардын билдиришинче, талиптер чабуулга өкмөттүк армиянын формасы менен келишкен.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлү маалымдагандай, кол салуу – аскерлер жума намаз үчүн базанын ичиндеги мечитке кирип кеткен маалда болгон. Жоочулар ашканадагы куралсыз жоокерлерге дагы ок чыгарышкан. Базанын ичине кирүү үчүн жанкечтилердин бири өзүн жардырган.
23-апрель Ооганстанда аза күтүү күнү катары жарыяланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ