АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жекшембиде Украина президенти Петр Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москвадагы сапарын талкуулады.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Тиллерсон экономиканы реформалоо жана жемкорлукка каршы күрөшүү жаатында Украинанын мындан ары да алдыга жылуусу маанилүү экенин белгилегени жазылган.
АКШнын мамлекеттик катчысы Донбасста ЕККУнун Байкоочу миссиясынын кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу президент Порошенкого көңүл айтты. Тиллерсон менен Порошенко миссия Минск келишиминин аткарылышын көзөмөлдөөдө маанилүү ролду ойной турганын белгилешип, «бул окуя бардык тараптар тез арада Минск келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткарышы керектигин даана көрсөткөнүн» айтышты.
Мамдепартаменттин маалыматына караганда, Тиллерсон Кошмо Штаттар Украинанын көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүн жактай турганын ырастап, Москвага каршы киргизилген санкциялар Орусия Крым жарым аралын Украинанын көзөмөлүнө өткөрүп бермейинче жана Минск келишимдери боюнча милдеттерин аткармайынча сактала турганын билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ