2017-жылдын алты айында Тажикстандын чек ара боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү болду. Бул тууралуу Тажикстан өкмөтүнүн Жашылдандыруу жана геодезия боюнча комитетинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан менен 519,9 чакырым жер толугу менен белгиленди. Документке чек ара боюнча тажик-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын жетекчилери кол коюшту. Акыркы чечимди эки өлкөнүн президенттери бекитиши керек.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 400 чакырымдан ашуун жер азыркыга чейин тактала элек жана сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Негизинен Согди облусунун тоолуу аймактарында жана Ворух анкаланда талаштуу тилкелер көп.
Ражаббой Ахмадзода Өзбекстан менен болгон сүйлөшүүлөрдө дагы жылыштар бар экенин белгиледи. Жарым жыл аралыгында 107 чакырым жер боюнча келишимге кол коюлду. Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда 93 чакырым жер гана талаштуу бойдон калууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ