Menu

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Солтон-Сарыга барган Кубатбек Бороновго эл канааттанган жок”

Бөлүшүү:

– Солтон-Сарыдагы азыркы абалга айыптуу деп кимди айтсак болот?

– Дароо эле айыптууну издебейли. Негизи өкмөт Солтон-Сарыны бул абалга жеткирбей, башынан ойлонуш керек болчу. Мурун ал жерди Дастан Сарыгулов иштеп турган учурда «Кыргызалтын» ишканасы иштеткен. Ошол учурларда «Солтон-Сарыдан алтын алабыз» деп комбинат курулган. Канча бир жыл иштеди, бирок мындай нааразычылыктар болгон эмес. Бул комбинат кытай компаниясына өткөндөн бери ушундай нааразычылыктар болуп жатат. Алар жардыруу жолдору менен иштешүүдө.

Жардырууларда ар кандай радиоактивдүү элементтер сай-сай болуп агып жаткан коктудагы сууга түшүшү мүмкүн. Ар жерлерге жардыруудан уулуу заттар чачыраган. Мал кырылып жатканы ошондон болсо керек. Мен эл менен жолугуп сүйлөшүп көрсөм, «биздин көргөн-билгенибиз, айрыкча Нарында алектенгенибиз жалгыз эле мал чарбачылыгы. Мал өстүрөбүз. Багабыз. Аны сатып эптеп оокат кылып жатсак, жайлоолордон жанагындай көрүнүштөр жан кейитип жатат. Мал үркөт. Анысы аз келгенсип өлүп жатат. Анан бул кендин эл үчүн эмне жарыгы бар?» деп суроо узатышат.

– Мындай суроого өкмөт мүчөлөрү кандай жооп кайтарууда?

– Өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөшсөк, Эмгекчил, Күмүш-Суу айылдарына 39 млн. сом которулганын айтышат. Берилсе бул иштерди элге түшүндүрүп, так айтып, бала бакча, мектеп курулабы, же жол салынабы, туура жеткиргенди билишсе, эл деле жакшы түшүнмөк. Бул чыр дагы жакшы өлүм-житими жок аяктады.

– Толкуп алган эл эми оңой менен токтобойт го?..

– Албетте, алар толкуп, кандары кайнап, ачууланып да турушат. Бирок, биздин кошунабыз Кытай бай, таасири чоң өлкө. Бүгүнкү күндө биз аларга 1 млрд. 711 милион
доллар карызбыз. Эгерде бул чыр андан жаман жагына айланып кетсе, чек ара жабылат. Чек ара жабылса, товарлар келбей калат. Товарлар келбесе, биз сатып сыртка чыгара албай калабыз. Биздин бир жылдык бюджетибиздин жарымы жалаң бажыдан чогулган акчадан түшөт. Бюджет жок болсо, элдеги пенсия, пособие кандай төлөнөт? Мунун баарын өкмөт элге жакшы түшүндүрүп, эл менен отуруп түз кеңешпесе, акыбал оор.

Абалды ушинтип гана түзөсө болот. Экология, биздин жайлоолор бузулбагыдай кылып эки тараптын тең кызыкчылыгын караш керек. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барды эле, эл ага канааттанбай жатат. Солтон-сарылыктар өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү келишин айтышууда. Ошондуктан, бийлик эл менен болуп, курч көйгөйлөрдү терең түшүнүшү керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: