Санкт-Петербург метросундагы терактка байланышы бар деп Тажикстан жараны Содик Ортиков шектелүүдө. Сотто жактоочу Ортиковду тинтүү учурунда табылган курал анын коңшусуна таандык экенин айтты.
Ортиков күнөөлүү эместигин, буга чейин ашпозчу болуп иштеп келгенин билдирүүдө.
Содик Ортиков 6-мартта Москвада кармалган. Тергөөчүлөр тинтүү учурунда анын батиринен пистолет, эки тротил шашкасы менен граната табылганын ырасташууда. Учурда Ортиков терроризм жана мыйзамсыз курал сактап жүрүүгө айыпталып камакта.
3-апрелде 14 кишинин өмүрүн алып, элүүдөн ашуун адамды жарадар кылган жардырууну теги кыргызстандык орус жараны Акбаржон Жалилов жасаганы расмий айтылган. Азырынча бул жардырууну эч бир топ мойнуна ала элек. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча теракттын уюштуруучусу – Аброр Азимов. Убактылуу тергөө жайында жаткан Азимов күнөөсүн мойнуна алган жок.
Петербургдагы теракт иши боюнча жалпысынан 10 киши кармалды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ