Караколдон уурдалып келип, Бишкектеги сойкуканада кармалып, эркектерди тейлегенге мажбурланган 16 жаштагы кыз учурда психологиялык жардам алып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланганын ММКлардан билишкен. Алар кыздын туугандарын сураштырып, кыздын үй-бүлөсүн табышкан. Зомбулукка кабылган кыз Ак-Суу районунда апасы жана 10 жаштагы сиңдиси болуп жашашкан.
16 жаштагы кыз Ленин районунда тайэжесинин үйүндө жашап жатат. Учурда ага Бишкектеги балдарга көмөк көрсөтүү борборлорунун биринде психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 16 жаштагы кызды Бишкектеги Ош базарындагы сойкуканада иштөөгө мажбурлашкан. Өспүрүм кызды коркутушуп, 18 жашта экенин айтууга мажбур кылдырышкан. Баш ийбей койгондо, кызды ур-токмокко алышып, зордуктай беришкен.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ