Өзбекстандын атайын кызматы 23-апрелде Стокгольм борборундагы теракты жасоого шектелген Рахмат Акиловдун 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармады. Бул тууралуу Акиловдордун туугандары кабарлашууда.
Ушул эле күнү Швециянын полициясы менен атайын кызматтары Стокгольмдо бирдиктүү операция жүргүзүшүп, 7-апрелдеги терактка тиешеси бар деген шек менен дагы бир кишини кармады.
39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган жана күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган.
23-апрелде Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Самаркандда терактка шектүүнүн 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармап кетишкен.
– Инисинин кылыктарына анын тиешеси бар болушу мүмкүн. Бир нече күн Алим азап тартып жүрдү. Ал Рахматтын сотуна катышуу үчүн Швецияга барууну пландап жаткан, – деди Акиловдордун тууганы.
Expressen басылмасы кабарлагандай, сурак учурунда Рахмат Акилов Стокгольмдогу теракты жасоодо “Ислам мамлекети” террордук уюмунан буйрук алганын билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ