Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун мойнуна алган, жеке жансакчыларын жетектеп келген Эркин Мамбеталиевди оюндан ким сүрүп чыгарды? Учурда Эркин Мамбеталиевдин ордуна Ысык-Көлдүн Бөкөнбайынан Дамбо аттуу жигит келиптир. Ал эми буга чейин Мамбеталиев менен араздаша кеткен Икрам Илмиянов Атамбаевдин кеңешчиси болуп, кайрадан колтугуна кирип алды. Карайлап жүргөндө талаада калтырбай колунан жетелеп Атамбаевдин охранасына алып келген Улан Исраилов учурда Эркиндин өзүнө каршы чыгып, каралап кылмыш ишин козгоонун айласын таппай отурат. Эркиндин эң ишеничтүү жигиттерин каматып салды. Ошентип, Атамбаевдин айланасындагы ишенимдүү адамдарынын арасында тиреш күч алып, апогейине жетип турат.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ