Метеостанциясынын берген маалыматына ылайык Талас шаарында 2017-жылдын 14-июнь күнү саат 17:50дөн 18:40ка чейин шаардын аймагында ылдамдыгы секундасына 22, кээ бир жерде 28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.
Жабыркагандар жок.
Жеринде КР ӨКМ шаардык бөлүмүнүн башчысы, №17 АӨКБдөн 4 куткаруучу, Коммуналдык кызматынан 5 адам жана 1 трактор иш алып барышкан.
2017-жылдын 14-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жана КР ӨКМ шаардык бөлүмүнүн башчысы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, шаар боюнча 1 турак үйдүн 50 шиферин, 1 турак үйдүн 84м2 темир калай чатырын, “Талас” электр тармактар ишканасынын күйүүчү май сактоочу кампасынын 75 шиферин жана унаа токтотуучу жайынын 120м2 темир калай чатырын учуруп кеткендиги жана ошондой эле, “Теремок” балдар бакчасынын имаратына терек кулап, имараттын айнектерин сындыргандыгы аныкталган.
Тактоо иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ