Мосулда Ирактын өкмөттүк аскерлерине чабуул жасоого даярданган 20 жихадчы кармалды. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы кабарлады. Кармалгандардын арасында Орусия, Германия, Түркия жана Канада жарандары бар. Жер алдындагы өтмөккө жашынып жүргөн жоочулар куралчан болушкан жана жанкечтилердин кемерин алып жүрүшкөн.
ММКлар исламист кыздардын бири 16 жаштагы саксониялык окуучу экенин билдиришүүдө. Германияда ал дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болчу. Жоголуп кеткенге чейин, 2016-жылы жайында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү менен интернетте байланышкандыгы үчүн полициянын көзмөлүнө алынган. Германия прокуратурасы мамлекеттик оор кылмыш жасоо шеги менен мектеп окуучусуна карата кылмыш ишин козгогон. Бирок шектүү дайынсыз жоголгондугуна байланыштуу тергөө иши токтотулган.
10-июлда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади Мосул ИМ тобунун жихадчылары тарабынан бошотулганын жарыялаган. Жоочулар шаарды 2014-жылдан бери курчап алып, халифат орнотуу аракетин көрүшкөн. Жихадчылар үчүн Мосул негизги шаарлардын бири болуп эсептелген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ