Мезгил тараза, мезгил калыс эмеспи. Ооба, арадан убакыттар өттү. Ар сөздү электедик, факты, аргументтерди такташтырдык. Анан акыры ушундай жыйынтыкка келдик. Арийне, ар ким өз катачылыгын моюндап, анын чындыгын айтып койсо эч качан кемип кетпейт. Эсиңиздерде болсо Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Де-факто» гезитин сотко берген. Анын биздин гезитти сотко беришине «Де-фактонун» 2017-жылдын 20-апрель күнү жарыкка чыккан№14 (317) санындагы «Максим Бакиевдин «долбоору» Бакыт Төрөбаев ай чапчыган убадалар менен ажо жарышка аттанды» жана «Дүмбүл» деген аталыштагы макалаларыбыз себеп болгон. Чындыгында биздин гезит Бакыт Эргешовичти каралоого алып, бир беткей жамандагандан алыс. Арийне, Максим Бакиевге байланыштыруубузга бизге чейин эле ММКларга такталбаган, ишенимсиз булактардан алынган макалалардын жазылып келиши себепчи болгон. Биз Бакыт Төрөбаев мырза менен элдештик. Ал киши менен редакторубуз жолугуп сүйлөшкөндө Максим Бакиевге эч кандай тиешеси жок экендигин баса белгилеп айтып өтүптүр. Эл аралаганда дагы элге Максим Бакиевге тиешеси жок экендигин тастыктап келет. Демек, биздин гезитке чыккан, «Бакыт Төрөбаев Максим Бакиевдин «долбоору» – дегенибиз ашыкча болуп кеткенин моюнубузга алып, бул сөз чындыкка коошпойт жана «Дүмбүл» деген сөздүн Төрөбаевге тиешеси жок деп билдиребиз. Эр чекишпей бекишпейт» дегендей таарынычтарды артка таштап, бир пикирге келген Бакыт Эргешовичтин ишине ийгилик каалайбыз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ