«Ислам мамлекети» тобу менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери Ооганстандын түндүгүндөгү Сари-Пул провинциясында 50гө жакын кишини өлтүрдү. Бул тууралуу провинция губернатору Мухаммад Захир билдирди.
Анын айтымында, жоочулар 3-августта коопсуздук күчтөрүнүн Мирза Оланг районундагы постуна кол салып, андагы кагылышуулар 48 саатка созулган. Жыйынтыгында жети полициячы жана ооган армиясынын бир аскери курман болгон.
“Согушкерлер Мирза Оланг шаарын басып алгандан кийин 30-40 кишине өлтүрүштү. Арасында аялдар, балдар жана улгайган адамдар да бар», – деп билдирди Мухаммад Захир.
Провинция башчысы айыл аксакалдарына шилтеме кылып, кол салгандар 30 үйдү өрттөгөнүн кошумчалады. Андагы 25 адамдын дайынсыз жоголгону айтылууда. Аларды согушкерлер өзүлөрү менен кошо алып кеткен болушу мүмкүн деп болжолдонууда.
Провинция бийлигинин маалыматына караганда, кол салууга талиптер менен «Ислам мамлекети» тобунун мүчөлөрү катышкан. Талиптерди Мулло Нодир башкарса, ИМ жоочуларынын башында Шермухаммад Газанфар турган. Анткен менен талиптер кыймылдын бул окуяга тиешеси жок экенин жана Шермухаммад Газанфар уюмдун катарынан мурда эле чыгып кеткенин билдиришүүдө.
Провинция башчысынын айтымында, учурда жергиликтүү куралдуу күчтөр аталган районду кайрадан өзүнө кайтарып алуу аракетин көрүп жатат жана Ооганстандын борбордук бийлигине кошумча күч жөнөтүү өтүнүчү жөнөтүлдү.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ