Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эмгек өргүүдөн кайтып келип, премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Назарбаев Батыштын Орусияга каршы санкциялары Казакстандын экономикасына таасирин тийгизиши ыктымал экенин билдирип, өкмөттү “кызуу” иштөөгө чакырды.
-Өкмөт кызуу иштеп жатат деп эсептейм. Мен жылды жакшы натыйжалар менен аяктоо үчүн баарыңарды уюшкандык менен иштөөгө чакырам. Тобокелчиликтер бар. Энергия жана чийки затка болгон баалар өзгөрүүдө. Балким, Батыштын Орусияга каршы санкциялары таасир этүүсү ыктымал. Ошону эске алуу керек,- деди Назарбаев.
Орусияга каршы санкциялардын экинчи топтомуна АКШ президенти Дональд Трамп 2-августта кол койгон. Ушул эле күнү Казакстанда доллардын наркы жогорулаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ