Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 28-августта жумушчу сапар менен Ош облусуна учуп келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушат.
Президент ошондой эле Чоң-Алай районундагы оорукананын ачылыш аземине катышмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ