Menu

Астап-ралли божомол

Бөлүшүү:
Нинада, эй! жылдызы (Кой)circle-5

Бул жылдыздын астында калдайып Каныбек деген депутаттын карааны жүрөт. Атамектин баласы катары эч бир илимонго, тойус, “иллибойго” ооздук бербей аткан мезгилде, аны капылет “Эркин-Тоого” чакырып калышты дейт. Кагаз-кугазыңды ала кел дешип. Какебиз кийинки кезде жалаң ыраман менен шугулданып жүрдүле, жанагы буркурорлор ошону окупле тынчып калышса болмок. Жо-ок, аларга бөлөкчө “кагаз-кугаз” керек болуп атса керек, ыя?..

circle-6Омкормо мүйүз (Букачар)

Гараскупта ушунакай жылдыз бар. Көп инсандар астынан өтүп көрүшкөн. Бир тобу чыдайалбай, эме жеримде бала кезден жара барле деп четке чыга беришкен. Бул жылдыздын офисин бир жума мурун эле Канат кармап турган. Буюрса, эмдиги жылы пиримерна ушул маалда гараскуп боюнча бир топ инсандардын “тушоо кесүү” ишаараты болоткен. Бирок ага Канат катышабы, жокпу, жылдыздардын дагы башы маң. Анткени азыртан эле оюндан четтелинип атат.

circle-7Синими маску (Эгиздер)

Бул жылдыз илгертен агү-үкүгө келтирилбей, отжакчулар арасында сууга ыргытылган дейт. Бактыга жараша, кыргыз элде андай ыктымалдар болгонмескен. Көчмөнарт! Анткенинин себеби, азыр кайра жаралуу мезгили (ренессанс) кыргызда жүрүп атыры. Рун тамгалары менен ташмамыларга жазылып атыры. Эмесе, ошол жана ушул тушта Илмиян-ин-ян деген жазуу ташмамыда калат бекен, калбайт бекен, аны бир Кыргыз өзү билер…

circle-12Жылт коймо жылдызы (Чаян)

Бирматуп деген депутат азыр кайда, кимдин колун кармап жүргөнүн жылдыздар өздөрү билбей аң-таң. Мурдагы созыпка депутат болуп келгенде «Кыргызнефтегаздагы» 250 миллион сомдон ашык акчаны  «ичип-жеп жиберди” деп башкы буркурордун каарына калган. Бирок мандаты сактап калган. Акыркы кездерге көрүнбөй калган депутатты башында айткандай дайынын билбей аткан жылдыздар “балким сыртта бизнес жүргүзүп, келечегине кам көрүп жүргөндүр” деп божомолдоп атышат. Чорт ево знает…

circle-2

Үркөр жылдыз (Арстан)

Бир жылдызы Жетигенде турат дейт. Кайрылып бир келерсиң деген идея менен. Ал эми жер асманда Өмүкөлөрдүн ичинен бир Өмүкө шыпшынып туру – эмдиги жылы колума ай-жылдыз тийсе, үркөрүн да, жетигенин да бир аппаратка салып, илгери Мидин акын айтмакчы, сыгып туруп согун алам депчи. Биз эмне демекчибиз – биринчи өзүңдү сыгып, анан элиңди сыйлап ал. Андан өткөн маладес жок.

circle-9Генерал жылдыз (Бийкеч)

Оң ийнинде он жылдыз, сол ийнинде он жылдыз деген асманалп Кашкар Жунушалийип биротоло аалам түйүнүнүн сырын өзүм чечем деп ыракета жасатып атат дейт. Ал ыракета жакында от алат дейт жылдыздар. Анткени бул мырзанын шефи акыркы убактарда көп нааразы болчу болду. Болгондо да нааразычылыгын эл алдында айтат. Эми бул иштебесе, жумушун өзүм аткарайын деп күйгүзө айтат. Ошол себептүү жылдыздар да бир аз кооптонуп турушат.

circle-11Саманчынын жолу (Бөйөн)

Бир топ “асманмамычылар” аракет үстүнө аракет кылып атышат. Тилекке каршы, таман чыга турган бирөө да жок болуп атыры. Канбазарда. Же болбосо, ритим кармап, ыргак кармап, көшөгөнүн четинде ыңылдап ырдап турушабы, массовкадан бөлүнүп чыгалбай – белгисиз. Бирок бул жылдыздын алдында жарык дүйнөгө келген башкы “Өнүгүүчү” ажолукка аракет кылып канат какты көрүнөт. Жылдыздар не дейт болдукен?

circle-8Тараза жылдыз (Тараза)

Албек деген мэр барлего. Ошол жигиттин гүлү ордо калаанын кара көчөлөрүн оңдойм деп катуу далалат кылды. Жакындале оңдоп-түзөгөн Чүй-Шопокуп көчөлөрүнүн кесилишиндеги жапжаңы асфалит чөгүп кеткенине карабастан, мэрдин көңүлү чөккөн-эткен жок. Кокус, чөгө турган болсо, ажого “бул менин местаммескен…” деп эшигин тээп кирип барганга дайым даяр!

circle-4Тайраң жылдыз (Жаачы)

Кулуп деген металист бареле. Көптөн бери дайын-оту жок кайда жүргөнү белгисиз. Металист болгон менен медалист болалбай келет. Келерки жылы боло турган медаль талашта сөзсүз чыга келет болуш керек. Жылдыздардын белгиси боюнча ал катуу даярданып аткан имиш. Давай, Кулуп, дерзай!..

circleЖаш кетти жылдызы (Текечер)

Бул жылдыздын алдында жарык дүйнөгө келген Мискенбайып башындале жылдыздар тургай, бардык планеттер каршы болгонуна карабай депутаттык креслого минип алган. Ал ортодо асман телолору каарын төгүп, эл алдында биртоп ыңгайсыз абалга калтырды муну. Эми-эми жылдыздар көнө баштаганда мандатын тапшырып салса болобу? Анткен менен тагдыр марттык кылып Мекеге да бир шанс берди. Мандатың кетсе да, эл арасында атак-даңкың өзүңө калсын деди. Кыскасы, зерикпейбиз.

Селпи жылдыз (Суу пери)circle-1

Килейген милиза тыяк-буягын карагыча балдары өсүп-жетилип, баягы жашоо кайда кеткени белгисиз дейт. Балдары чет өлкөгө окууга өз күчү менен өтүп, кымбат сааттар, кымбат машинелер менен селпилдеп. А бул жактагы атасынын тележылдыз, сахна жылдыз кыз-келиндердин арасында кадыры чоң деп угуп жүрөбүз Курсан мырзанын. Келерки жуманын этегинде дагы бир сулуу сизге ашык болору күтүлүүдө дейт жылдыздар.

circle-10Борбор-бей жылдыз  (Балыктар)

Белгилүү ырчы Б.Борбийип баягүнү катуу айтты. Уккула деп айтты. Уктук. Көзжашы кылдык. Мезгил өткөнкен. Баягы  “Перизат” жок… Миниски деген жер кыргызды анча түшүнбөйткен, кечиресиз… Жылдыздардын шыбыраганына караганда, аншылак болобу, билбейбиз, жакынкы арада кансертиң болушу толук мүмкүн.

Астропатолог Кимбайке

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: