Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 28-августта айыптоочу тарап Садыр Жапаровдун тарапташтарын 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон суранды. Жактоочу Шарабидин Токтосунов: “Соттук отурумда менин коргоом алдындагы адамдар Сабыр Жапаров, Рустам Жапаров, Абдыманап Бегишов, Байгазы Казиев, Калыбек Жапаров, Айдинбек Шамшидин уулу, Эрланбек Тагаев, Жаңыбай Жеңишбеков, Улан Усупов, Адыл Исаев жана Анарбек Бегишовдорду 5 жылга, Чыңгызхан Кожогелдиевди 8 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратуу суралды. Албетте, бул өтүнүч прокуратураныкы, биз болсо соттон аларды толугу менен актоо өкүмүн чыгарып берүүнү өтүндүк. Кийинки отурум 8-сентябрь күнү саат 16:00гө белгиленди”, – деп билдирди.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ