Алмазбек Атамбаев Халима Якобду Сингапурдун Президентинин кызматына киришкендигине байланыштуу куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
«Үстүбүздөгү жылы мамлекеттерибиз дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргызстан менен Сингапур биргелешкен аракеттери менен өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн достук мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрө берет деп ишенем”, – деп белгиленет Мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Кыргызстандын Президенти Сингапурдун Президентине чың ден соолук жана жооптуу кызматта алдыга койгон бардык максаттарды ишке ашырууда зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Сингапур элине – тынчтык жана бакубатчылык каалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ