Өткөндө Өкмөттүн курамы жаңы бекип жатканда Жогору Кеңеште бир депутаттын “эмгек жолун баштаган мугалимдердин эмгек маянасы канча?” деген суроого жооп бере албаган, ошол жоругу менен бир топ сынга кабылган, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева кечээ 14-сентябрында окуу китептери менен камсыздоо кырдаалы менен таанышуу максатында Бишкектин кээ бир мектептерин кыдырып чыкты. Министир айымга минтип жан кирип калганына соцтүйүндөрдөгү так ошол китептер туурасында ата-энелердин катуу нааразычылыгы да себеп болду окшойт. Чынында эле азыр көпчүлүк окуучулар окуп жаткан китептерди көрсөң, андан билим алмак турсун барактагандан жүрөгүң түшөт.
Туура, минстир иш бөлмөсүндө мугалимдердин айлык маянасын, дагы башка иштерин билиши абзел болсо, мектептерди ЖОЖдордо болуп жаткан айрым маселелер тууралу да жеринен маалымат алыш керек, маселени жеринде чечиш керек.
Булак: “Айгай пресс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ