Menu

HRW грек бийлигин тажик активистин бошотууга үндөөдө

Бөлүшүү:

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Интерпол жана Греция бийлигин Афинада кармалган Тажикстан Кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Мирзорахим Кузовдун ишин ар тараптуу кароого чакырды. Бул тууралуу Борбор Азия маселелери боюнча иликтөөчү Стив Свердлов 16-октябрда “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кузов камалгандан бери алты күн өттү, бирок анын абалы жана адвокат менен камсыздалганы тууралуу маалыматтар жок.

– Human Rights Watch Мирзорахим Кузовдун тагдырына өтө кабатыр. Ал Афинанын эл аралык аэропортунун транзиттик зонасында кармалган. Кузов ЕККУнун Адам укуктары боюнча бюросунун Варшавадагы конференциясына катышкан Тажикстан Кайра жаралуу партиясынын делегациясынын мүчөсү болгон. 9-октябрда ал Варшавадан Греция аркылуу Тегеранга бара жаткан. Грек чек арачылары аны Афина эл аралык аэропортунун транзиттик зонасында кармашкан. 10-октябрда аны Греция борборунун четиндеги түрмөгө которушкан, – деди укук коргоочу.

Стив Свердлов диний партиянын мүчөсү Тажикстандын өтүнүчү менен Интерпол издөөгө алган тизмеге киргизилгенин баса белгиледи. Ал Кузов карапайым жарандык активист экенин, тажик бийлиги ойдон чыгарылган айыптоолор менен издөөгө алганын айтты. Кузов экстремисттик ишмердүүлүккө катышууга күнөөлөнүүдө.

Уюм грек бийлигин Кузовду мекенине жөнөтпөөгө жана эркиндикке чыгарууга үндөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: