Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев Түркия мамлекети тарабынан Бишкек шаарында курулуп жаткан республикалык “Имам Сарахсий” атындагы борбордук мечитти зыярат кылып, андагы курулуш иши, мечиттин жасалгасы жана айрым көйгөйлүү маселелер менен жеринде таанышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кзматы билдирет.
Муну менен катар Мухамметкалый Абулгазиев айрым ведомство өкүлдөрүнө мечиттин курулушундагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча тапшырмасын берип, мечит борбордун көркү болуп калаарын баса белгиледи.
Мечиттин курулуш иши менен таанышууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, КРдин Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Абакиров, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, «Комаш» курулуш компаниясынын Кыргызстандагы директору Хааким Пынарбашы, КМДБнын курулуш бөлүмүнүн адиси Таалайбек ажы Назылбеков, жашылдандыруу, электр тармагынын, байланыш жана шаардык архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ