Menu

Сооронбай Жээнбеков: “Аймактын эли борборго арыз жазып жатат, ал жактагы жетекчилер эмне иш кыласыңар?”

Бөлүшүү:

Эки күн бою, 27-28-февралда Кыргызстаңдын бардык булуң-бурчунан аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутактарынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясы болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштерге кеңири токтолуп, кийинки жылдарга карата милдеттерди, аткарылчу жумуштардын планын так-даана айтып берди. Анда президент мамлекеттик органдар, министрликтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип иштебей жатканын, жергиликтүү бийлик өз деңгээлиндеги маселелерди чече албай аксап жатканын иш сапарларынын алкагында көргөнүн айтты. Президент: «Бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок. Мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбайт. Көпчүлүк министрликтер жер-жерлердеги көйгөйлөрдү билбейт, элет менен байланыш начар экендиги көрүнүүдө.

Андан тышкары аймактарда эл менен жолукканда көпчүлүгү жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөрдү айтышат. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр үчүн борборго кат жазып кайрылып жатышат? Бир эле мисал келтирейин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жергиликтүү тургуну 5 жыл мурун атасы экөөнүн үлүш жерин айыл өкмөт алып, андан бери прокуратура, сотко, акимге кайрылып келгенин, бирок ушунча убакыттан бери жыйынтык жок. Эмне себеп?», – деди ал. Мына ушуга окшогон мисалдар толтура. Жергиликтүү жетекчилер ушинтип жатса, мамлекеттик бийликке ким ишенет? Ошол жерди берген адам акимиатта чоң болуп иштеп жатат” дейт. Бул жергиликтүү бийлик чече турган эле маселе” – деди С.Жээнбеков. Ошону менен бирге бизнеске шарт түзүп, жарандык коом менен өнөктөш болуп, жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу башкаруу менен район, айылдарды өнүктүрүү алардан көз каранды экенине да басым койду.

Булак: «Факты»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: