Жогорку Кеңештеги депутаттарыбыз айлабызды алты эмес, алтымыш жеринен кетирмек болду го. «Ардактуу» эл өкүлдөрүбүз эл өкүлдөрү болбой эле, «эл өкүртөөрлөрү» болду го! Мынчалык элге жек көрүндү болгон депутаттык корпус деги эле Кыргызстандын тарыхында болгон эмес!
Чын, биздин “доблестүү” «120лар» ар жума сайын жаңы «эврикалары менен» кыжырдантканы күчөп баратат, эй! Өткөн жумада, парламенттин жалпы отурумунда өлкөнүн бюджет маселеси талкууланып жатканда депутат Таабалды Тиллаев дегени бет маңдайында олтурган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге ушундай бир сунушун айтты дейсиң, таппасаң сыйпалап калгырдыкы! «Учурда пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясын токтотуш керек» деп. Алар пенсиясын алсын же иштеп аткан айлыгын алсын деген маанайда демилге көтөрүп. Таабалды мырзанын мындай «табылгасы» ошо замат коомчулукту катуу нааразычылыкка бөлөдү, азыркыга чейин да анын аягы басыла элек. Анда, мамлекеттин үч бийлик бутагынын бирден-бири болгон мыйзам чыгаруу бийлигинин эл өкүлү айтып жатпайбы, «республикабызда 40 миң адам пенсия алат экен, бул бюджет үчүн оордук кылат» деп. Эми карап көргүлө, Кыргызстанда орточо пенсия 5401 сом, далайлаган мугалим менен врачтар 2000 сомдун тегерегинде пенсия алышат. Ошол акча менен чоңдорубуз мадырайып туруп алып айтып жаткан «экономикабыз күндөн-күнгө өнүгүп-өсүп бараткан» ушундай заманда бир ай бою жашаганга болобу? Алар депутаттарчылап жумушка каалаган убакта келип, каалабаса келбей, бирок айлык маянасын толук 30 миң сомдон пилус мыйзамдагы жазылган привеллегиялары үчүн дагы 40 миң сом, барабар 70 миң сом (кээ бирлери андан да көп) алышкандай айлык алышпайт. (Бул жерге депутаттардын спецооруканада бекер дарылангандарын, көл жээгиндеги алар үчүн деп салынган атайы пансионатында жолдомо менен эс алгандарын жана дагы чет жакка көп учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыккан сапар кайрыктарын кошкон жокпуз.) Андан көрө Тиллаевдин тилинен «бюджетке оордук болуп жатса, депутаттар олчойгон айлык албай эле эл үчүн бекер иштебейлиби?» деген сөз хотя суроо иретинде чыкса да ошондо эл «азамат бала экен!» демек. Антмек кайда-аан.
Депутаттын пенсия тууралуу сөзүнөн кийин эл арасындагы нааразычылык Нарын дайрасындай күркүрөп киргенде сөзүн оңдоп, «мен мугалим менен врачтарды айткан жокмун, кеп соттор, бажычылар, каржы полициясынын кызматкерлери жана укук коргоо органдары тууралуу болчу» демиш этти. Бирок, айтты го, «Кыргызстанда 40 миң адам пенсия алат экен, бул бюджет үчүн оордук кылат экен…» деп. Между гана прочем, ошол 40 миң адамдын жарымынан көбүн мугалимдер менен врачтар жана да калктын аярлуу катмары түзөт. Билбесе, жакшылап эсептеп чыксын. Баса, анын сөзүндө айтылган укук коргоочулар демекчи, азыр Тиллаевдин тибиртке чыгарчу сөзүнө карата мугалим, врачтар эле эмес, укук коргоо тармагында иштеп жаткан ардагерлер да азыркы тапта катуу эле нааразычылыктарын билдирип жатышат. Ошондуктан кайсы чочойгон чоң болсо да элдин социалдык абалы тууралуу кеп айтканда ойлонуп туруп сүйлөөсүн өтүнөөр элек. Себеби, кайсы мамлекет болсо да социалдык жактан чыккан нааразычылык ошол мамлекетти ар кандай кырдаалдарга алып барып коюшу мүмкүн, алып барып да койгон учурлар болгон!
Ал эми Тиллаев айткандай, мыйзам чегинде ала турган болсок, «Пенсия» дегендин эмне экенин болгондо да Жогорку Кеңештин жалпы элдин тагдырын чечкен мыйзамдарды чыгарган мыйзамчы депутатынын билбегени «ияна да» бир жолу өкүнүчтүү!
Бул туурасында экс-депутат Чолпон Жакупова сабакты начар билген окуучуга түшүндүрүп жаткан мугалимдей сонун түшүндүрмө берди. Аны айрыкча Тиллаев сыяктуу депутаттар эсине түйүп алышса жашы болмок. «Пенсия – мамлекеттики эмес, ал жарандардын топтогон акчасы. Бул күнүмдүк жашоонун жана пенсиянын өлчөмү тууралуу маселе эмес! Бул маселе мамлекеттин милдети жана жоопкерчилиги! Бул үчүн атуулдар иштеп жаткан учурунда ай сайын Соцфондго беришкен акчалары. Ошол атуулдар пенсия курагына келгенде ал акчаларды мамлекет кайрып беришке милдеттүү! Соц.фонд ошончологон акчаларды жөн эле кармап тура бербейт, ал акчаларды сактап турууда пайыздык киреше алат жана банкта айландырат. Силер кандай адепсиз желмогузсуңар, урматтуу биздин эл өкүлдөрү!!!» деп агынан жарылды. Чолпон Идиновнанын мындай таамай түшүндүрмөсүнөн кийин эч кандай кошумча комментарий берүүнүн да кереги жок деген ойдо калдык. Депутаттарга мындан ашкан кандай түшүндүрмө керек?
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ