Буга чейин сылап-сыйпап сүйлөп жүрүп, анан эми баары бүткөндө, тагыраагы Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин “чек ара кызматын Сооронбай эмес Атамбаев чечиш керек” – деп жар салган Темир Сариевди эмне дейбиз. Жыгылып бара жаткан адамды тепкилеп калганга окшоп калды бул жагы. Убагында Балыкчы-Корумду жолу боюнча кылмыш ишин козгоп жибербесин деп коркуп, жылдырып сүйлөп жатты эле, эми тили узарып калыптыр жигиттин. Кууланбай эле акыйкат сөздү өз убагында айтпайбы. Президенттик шайлоодо башта рейтинги жакшы келе жатты эле, так ушул куулугунун айынан иштин баары тетири болуп, командасын таарынтып алды. Эми Темикеге эч ким ишенбей калды го.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ