Вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев бийликти элге жек көрсөтүп бүтмөй болду. Буга дейре “Лигласс” деген чехиялык афферист компанияны таап келип, “ГЭСтин баарын курат, жоопкерчилигин мен алам” – деп мамлекеттин аброюна көлөкө түшүрдү. Жоопкерчилик тарткандын ордуна кызматынан жогорулап кетти. Кен байлыктарды иштетүү боюнча ар кайсы компанияга лицензияларды чилдей таратты. Албетте, бекер болбосо керек. Эми ошол тараткан лицензиясы бар компанияларга мөңгүлөрдү талкалап, кен иштетүүгө жол ачып берүү максатында ишке ашыруунун амалын көрүп, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзам долбоорун колдоп бергиле деп, Жогорку Кеңеште ар бир депутаттын эшигин кагып чуркап жүрөт. Кыргызга жакшылык кылчу адамдын жоругу эмес го бул иши. Деги эле жоктон табылса да, ушул Зилалиевди жогорку кызматтан кетирбесе, Сапар Исаковдун иши оңолбойт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ