Menu

Алмазбек Атамбаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Мамлекет башчысына  2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасында  элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын ишке ашыруунун жыйынтыктары  туурасында маалымат берилди.

Бахтияр Салиев  Концепцияны ишке ашыруунун алкагындагы иштер    этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү, Кыргызстан элдеринин маданий жана этникалык көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти  камсыз кылууга  багытталгандыгын маалымдады.

“Ушул принциптер   2018-2040-жылдары өлкөнү  туруктуу өнүктүрүү стратегиясында сакталып жана улантылат”, -деди Бахтияр Салиев.

Ошондой эле, Мамлекеттик агенттикте мониторинг борбору иштегендигин, анда  өлкөнүн бардык региондорунда жайгашкан 20 коомдук кабыл алуу бөлүмдөрүнөн келип түшкөн маалыматтардын негизинде этностор аралык кырдаал талдоого алынаарын белгиледи. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен инфраструктуралык долбоорлор   ишке ашырылып, конфликттердин алдын алуу боюнча 4 миңден ашуун иш чаралар өткөрүлгөн.

Президент Алмазбек Атамбаев  улуттук биримдикти  чыңдоо, коомду консолидациялоо боюнча иштерди улантуу керек экендигин баса белгиледи.

“Кыргызстан элдеринин биримдиги  өлкөнүн туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналат”, -деди Мамлекет башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: