Menu

Ноокен районунун Кызыл-Кыя айылында заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Бөлүшүү:

Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылында заманбап технология менен курулган спорт зал бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Германия кызматташтык уюмунун колдоосу менен КРнын Өкмөтүнүн коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялык агентствосу – АРИСтин долбооруна ылайык спорт зал 9 млн. 41349 сомго бүткөрүлдү. Бүргөндү айыл аймагынын аппаратынын жана коомчулуктун салымы 710 миң сом болду. Заманбап спорт залдын ичинде кийинүүчү жай, балдар менен кыздар жуунучу жылуу суусу бар душтар кошо курулган. Жаңыдан ишке берилген спорт залда Өскөнбай Кайыпов атындагы №24 орто мектептин окуучулары жана Кызыл-Кыя айылынын жаштары дене тарбиясын чыңдоо жана спорт менен кеңири машыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кызыл-Кыя айылындагы спорт залдын пайдаланууга берүү иш-чарасына ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эркинбек Маматаев жана АРИСтин Жалал-Абад облусундагы жетекчиси Сапарбек Токоев, Кызыл-Кыя айылынын жашоочулары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Спорт залды курууга жигердүү салымдарын кошушкан бир катар атуулдарга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жана Бүргөндү айыл аймагынын Ардак грамоталары менен ыраазычылык алкыш баракчалары тапшырылды.

Облустук жана жеригиликтүү бийликтин башчылары спорт залдын кызыл тасмасын кесишип, анын ички машыгуу залы жана жаратылган ыңгайлуулуктар менен кеңири таанышып чыгышты. Спорт залдын курулушун “Кербенжолкурулуш” ачык акционердик коомунун куруучулары сапаттуу бүткөрүштү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: