Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковду кызматтан бошотту. Бир жылга жакын Мүлк фондун башкарган Болсунбек мырза эми Талас облусуна губернатор болот деген пикирлер айтылууда. Ал эми бийликтеги ишенимдүү булактардын кабарлашынча, Мүлктү башкаруу фондунун жетекчилигине, өткөн аптада вице-премьерликтен кеткен Дүйшөнбек Зилалиевдин дайындалаары күтүлүүдө. «Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт» болуп, деги ушул Зилалиевдин ырысы тоодой экен. Сыягы эми менчиктештирилбей жаткан «МегаКомду» сатканы бара жатат окшойт. Мөңгүнү талкалоого жол ачып берди эле. Эми 3-4жылдан бери сата алышпай эстери ооп жаткан «МегаКомду» баягы Кудайдан жөө качкан, жоопкерчиликти түк сезбеген Зилалиевдин колу менен жайлаганы калышкан көрүнөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ