Ак үй мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду кызматтан кетирүү планын даярдап, анын ордуна Борбордук чалгын кызматынын жетекчиси Майк Помпеону дайындоону көздөөдө. Бул тууралуу АКШ президентинин администрациясындагы жогорку даражалуу аткаминерге таянып The New York Times гезити жазды.
Мындай билдирүүлөр Associated Press жана Reuters сыяктуу бир катар агенттиктерде дагы пайда болду. Ак үй алдыдагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды четке кагууда.
The New York Times кабарлагандай, Тиллерсондун отставкасы тууралуу жакынкы жумаларда жарыяланат. Басылма Чалгын кызматынын жетекчилигине республикачыл-сенатор Том Коттон келиши ыктымал деп жазып, бирок Ак үйдүн бул планын Трамп жактырган-жактырбаганын тактаган жок.
Октябрдын башында NBC телеканалы Тиллерсон Трамп менен жаңжалдашкандан кийин отставкага кетүүнү пландап жатканын кабарлаган.Телеканал өз булактарына шилтеме кылып, Мамлекеттик департамент башчысы кызматтан жайында эле кетүүнү ойлогонун, бирок вице-президент Майк Пенс аны калууга көндүргөнүн билдирген. Тиллерсон анда бул маалыматты четке каккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ