Menu

Булан институту бул жолу да көйгөйлүү маселени көтөрдү

Бөлүшүү:

Булан институту 28 августта “Мектеп жашындагы балдардын мектепте билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча кырдаал: жаңы чакырыктар” деп аталган темада тегерек үстөл уюштуруп, конференция өткөрдү.

Ал конференцияда мектеп жашындагы балдардын мектепке барбай калышынын жакырчылык, жумушсуздук өңдүү себептери менен катар диний ишенимден улам мектепке баруу укугунан ажыратылган учурлары да талкууланды. Аталган институт жакында эле Ысык-Көл облусунун Ананьево, Садыр Аке, Темир жана Бостери айылдарында диний агымга кирген бир нече үй-бүлө балдарын мектептен чыгарып алганы жана алардын эмне себептен балдарын мектепке окутпаганы тууралуу тартылып алынган видео роликти конференциянын катышуучуларына тартуулашты. Эске салсак, Булан институтунун иликтөөсүнүн натыйжасында динге азгырылып, балдарын мектептен чыгарып алган “караңгы” ата-энелерге түшүндүрүү иштери жыйынтык бербегендиктен, райондук прокуратура, сот тарабынан чара көрүлгөн. Маалым болгондой, бүгүнкү күнү аталган айылдарда төрт үй-бүлөдөн 8 бала мектепке барбайт.

Конференцияга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын, Алымдар кеңешинин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери, дин алымдары, ЖОЖдордун окутуучулары, агартуучулар, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер, Ысык-Көл райондук администрациясынын өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Конференцияда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин баяндамасы окулду. Ошондой эле профессор Ишенгүл Болжурова, Жанкороз Каниметов, Каныбек Осмоналиев баштаган белгилүү инсандар билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө кеңири токтолушту.

Ишенгүл Болжурова, профессор, мамлекеттик ишмер:

-Мен бир топ жылдан бери билим тармагын иликтеп келе жатам. Изилдөөм боюнча Кыргызстанды билим системасы гана кармап калыптыр. Союз ыдыраганы завод, фабриканын бардыгы талкаланып жок болду. Өлкөбүздө билимдүү адамдар көп болгону үчүн өлкө сакталып кармалып турат. Ошондуктан биз келечекке кайдигер карабай, билим тармагын мындан дагы өнүктүрүп, өөрчүтүүбүз керек. Балдарды мектепте окутууда биринчи кезекте ата-энелердин жоопкерчилиги жогору болушу зарыл. Азыр кээ бир ата-энелер балдарын мектепке окуткулары келишпейт. Ар кандай диний секталарга мектепке окуган күнөө деп балдарын мектепке окутпаган ата-энелердин бар экенин бүгүн Булан институту иликтеген иликтөөдөн көрүп отурабыз. Мындайларга мамлекет кескин чара көрүүгө тийиш. Билим тармагына бөлүнгөн каражат бүгүнкү күндө жетишсиз. Кудайга шүгүр, мектептер салынып жатат. Мугалимдердин айлык маяналары аз да болсо жогорулоодо. Бирок бул дагы аздык кылат. Сөзүмдүн аягында айтаарым Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобековага рахмат. Кыргыз мамлекети үчүн эбегейсиз чоң иш жасап жатат.

Чолпон Орозобекова, Булан институтунун жетекчиси:

-Мектеп жашындагы балдар мектепке эмне үчүн бара албай калат дегенде биз буга чейин миграция, жакырчылык, жумушсуздук көйгөйлөрүнө байланыштырып келчү элек. Тилекке каршы, мындай көйгөйлөр жетишпей жаткансып, эми диний ишенимден улам мектепке барбай калган балдардын саны өсүүдө. Ата-энелери ар кандай диний агымдарга азгырылып балдарын мектепке жиберүүдөн баш тартышууда. Алар ошол диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербей, үйдө кармат жатышат. Мисалы, айылдарда башында алардын саны 1-2ден башталып, акырындан көбөйө баштады. Биз ошондуктан бул конференцияда коомчулукка коңгуроо кагалы деп чогултуп отурабыз. Бул жерге Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, диний ишмерлер, мугалимдер келди. Маңдай-тескей отуруп алып “Эмне кылыш керек?” деген маселени ортого салып жатабыз. Мисалы, балдарын мектепке жибербегени үчүн Ысык-Көл районунда үч үй-бүлөнүн кожоюну соттолуп жатат. Эми аларды соттоо менен маселе чечилеби же чечилбейби – бул дагы чоң суроо. Бул көйгөйдү азыртан алдына албасак, эртең кеч болуп калат.

Жанкороз Каниметов, коомдук ишмер:

-Муфтият классикалык ислам динин сактап калууга аракет кылышы керек. Ал эми жергиликтүү бийлик кайсы үй-бүлөнүн балдары эмне үчүн окубай жатканы тууралуу билип турушу зарыл. Ошондо гана биз жакшы нерсеге жетишебиз. Билим бүгүнкү күндө эң биринчи баалуулукка чыкты. Билимсиз өлкөнүн келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Билимдүү адам гана жакшы жашай алат. Биз анын баркын билишибиз керек. Билимдүү өлкө гана өнүгө алат. Диний агымдарга эч убакта жол бербөө керек. Ысык-Көл районунда катталган окуя боюнча балдарын мектепке жибербеген ата-энелерге түшүндүрүү иштери дыкат жүргүзүлүп, алардын балдары мектепке барып билим алуулары кажет. Кыргызстандын Дин башкармалыгы баш болгон муфтият өкүлдөрү эл арасына түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүсү зарыл.

Гүлшан Абдылдаева, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү:

– Быйылкы окуу жылында 2117 бала мектепке барууга катталган эмес. Алардын ичинен 300дөн ашыгы ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албайт, ал эми 866 бала медреселелерде, мечиттерде, чикөөлөрдө тарбияланып жатат. Биз мектепке барбаган балдардын ата энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылып келе жатабыз.

Мирлан Алымбаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: