Menu

Видео – Азимбек Бекназаров: “Кыргызстандын эгемендүүлүгү 1986-жылы Горбачевдун “кайра куруусунан” кийин башталган”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-февраль күнү Бишкектеги “Бишкек парк” соода борборунда саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун “Мен – кыргызмын” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

“Мен – кыргызмын” деген үчилтик менен 34 жылдык Кыргызстандын эгемен доорундагы тарыхынын ичинен жазууга аракет кылдым. Ал үчилтик болду. 3 том. Экинчи китеп 2 томдон турат. Бардыгы 4 китеп болду” – деди автор китептин ачылыш аземинде.

“Мен Кыргызстандын эгемендигин 1986-жылдан бери эсептейм. Горбачевдун “кайра куруусунан” кийин Кыргызстандын эгемендүүлүгү башталган. Менин китебимде бийлик кандай жаралды (?), байлыктан кантип чачылды же тонолду(?) ушул нерселерге көп көңүл бурулду. Биз Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев деп айтабыз. Менин жеке изилдөөмдө биринчи президент – Апсамат Масалиев. Анткени 12-чакырылыштагы депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизишип, “мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин төрагасы аткарсын” деп 1990-жылы апрель айында Масалиевге беришкен. А Акаев, биринчи президент катары 1990-жылдын октябрь айында келет. Апрель айынан октябрга чейин иш жүзүндө Масалиев президент болгон” – деп билдирди Азимбек Бекназаров.

Саясатчы Азимбек Бекназаров аталган китеп укук жана саясатты окуп жаткан студенттерге жана тарыхка кызыккан адамдарга пайдалуу экенин белгиледи.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: