Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин райондук соттон акталышы коомчулукта эки ача пикир жаратты. Жактагандар менен жамандагандар эки жаатка бөлүнүшүп… Реалдуу түрдө ой жүгүртсөк, Конгантиев 2010-жылдын 6-апрелинде Таласка барып, элден токмок жеп, жабыр тарткан. (Министр кезиндеги ишмердиги болсо башка кеп.) Ал эми 7-апрелде эл «Форумдан» чогулуп, аянтка баргандан кийинки башаламандыкка, адамдардын өлүмүнө анын тийешеси жок. Баарыбызга белгилүү болгондой, генерал Конгантиев 6-апрель күнү эле ИИМди башкарууга мүмкүнчүлүгү болбой калган. Андыктан, төңкөрөш убагындагы жоготууларга аны күнөөлөгөнүбүз логикалык жактан туура эмес. Демек, акталуусуна кандайдыр бир негиздер болгондур. Натыйжада, 9 жылдан бери кылмыш иши козголуп тура бериши кандай? Чекит коюлушу керек да, туурабы?
Акын Бекчороев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ