Menu

Экс-президент Алмаз Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы президенттик үйдү жана иш кабинетти Сооронбай Жээнбековго бошотуп бербей жатат

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев “мен чарчадым, мага эми бийликтин да, кызматтын да кереги жок,  премьер-министр да, спикер да болбойм, президенттиктен кеткенден кийин тынч жашайм” деп Кой-Таш айылына 2,5 гектарга хан сарай салдырганын жар салган эле. Ал үйдүн чуусу Чубактын кунундай чубалып отуруп, Максим Бакиевдин жерине салынганын чукуп таап чыккан депутат Өмүрбек Текебаев акыры түрмөгө камалып тынган.

Өтө эле ишенчээктер Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин чын эле Кой-Таштагы жаңы салдырган хан сарайына көчүп кетип, саясаттын сасык оюндарына аралашпай, тынч, бакубат өмүр сүрөт экен деп ишенип жүрүштү.

Атамбаев болсо 24-ноябрдагы Сооронбай Жээнбековдун инагурациясынан кийин жарым айга жакын убакыт өтсө да “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы өзү жашаган президенттик үйдү жана президенттик иш кабинетти бошотуп бербей жатат. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков алигиче премьер-министр кезинде жашаган үйдү башпаанек кылууда.

Атамбаев “Сокеге Ак үйдөгү кабинет жетишет” деген имиш. Бирок 24-ноябрда инагурациядан кийин экс-президент Атамбаев жаңы президент Жээнбековду ак үйгө өзү ээрчитип келип, президенттин кабинетине салт боюнча биринчи жаңы президентти киргизбей өзү жулунуп кирип, анан гана президентти киргизди.  Киришкенде эле түз эфирден көрүп тургандар президенттик столдо Атамбаевдин жеке иш кагаздары али алынбай турганына таң калышты. Кабинет жаңы президенттин келишине даярдалбаптыр.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганына 1, 5 айдан ашык убакыт өткөн, ошондон бери ал кабинетти тазалап, жок дегенде актап-сырдап койбой жүргөн Президенттик иш башкармалык менен аппарат эшек такаладыбы? Коомчулук жакшы билгендей Атамбаев Ак үйдөгү президенттик кабинетке сейрек эле келип, көбүнчө мамлекеттик резиденцияга ошого окшош кабинет жасатып алып, ошол жакта олтурчу. Меймандарды да, министрлерди резиденциядагы кабинетинде кабыл алчу. Анда Ак үйдөгү кабинетти тазалап, экс-президенттин жеке иш кагаздарын, буюмдарын чыгарып, жаңы президентке ырымын жасап, актап-сырдап, эмеректерин алмаштырып койгонго эмне тоскоол болду? Бир гана Атамбаевдин каарынан коркуп жүрөгү түшкөн чиновниктик инстинкт.  Натыйжада жаңы президент таза столго олтурбай Атамбаевдин жеке кагаздарына, китептерине толуп турган столго олтурду.

Дүйнөлүк практикада экс-президент өз ордун билип, кабинетти эртелеп бошотуп берип кетет жана жаңы президент менен президенттик кабинетке кайра келбейт. АКШнын экс-президенти президенттик кабинетти жана столду бошотуп, жаңы президентке каалоолорун керээз кат түрүндө жазып кетет. Столдо ал каттан башка эч нерсе калбайт. Ал катты бир гана жаңы президент ачып окуйт да, окугандан кийин айрып салат. Мазмунун эч кимге айтпайт. Ал эки президенттин ортосундагы сыр катары калат.

Бизде болсо баары каша болуп калды. Эми жаңы президентке эски президент жашаган үйү менен иштеген иш кабинетин бошотпой жатат. “Мен сени президент кылдым” деп доомат артып, мамлекеттик мүлктөрдү да өз мүлкүндөй пайдалануу жакшылыктын жышааны эмес. Канткен менен БШК: “Сооронбай Жээнбековго  54% кыргызстандыктар добуш берди” деп жарыя кылды. Жээнбековдун Фарид Ниязов жетектеген шайлоо штабы көп добуш алалбай ага удаалай түзүлгөн Асилбек Жээнбеков жетектеген шайлоо штабы негизги добуштарды жыйнаганын тар чөйрө жакшы билет.

Экс-президент Алмаз Атамбаев 24-ноябрдагы инагурациядан кийин Индостан жарым аралындагы Гоа курортуна учуп барып, 10 күндөй эс алып келгени белгилүү болду. Бирок экс-президент Гоага мамлекеттик президенттик самолет менен учуп бардыбы же катардагы каттам менен жүргүнчү катары барып келдиби? Коомчулук мына ушуну билгиси келет.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: