Былтыр камактан чыккан Нариман Түлеев кайрадан камалышы мүмкүн. Анткени ал, кечээ жакындан бери оппозициялык маанайдагы ой-пикирлерин билдирип баштады. Ошондон тарта бийлик анын артынан түштү. Кызы Назгүл Түлееванын үстүнөн да ГУМ-Чынар соода борбору боюнча кылмыш иши козголушу ыктымал. Нариман мырза кызы Назгүлдү саясатка аттандырууну көздөп жатканы маалым. Эгерде бийлик алдын ала кызына кылмыш ишин козгоп койсо, саясатка аралаша албай калат. Анда Түлеевдер биротоло саясаттан жок болушат.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ